Депутаттар мамлекет жетекчилерине жалаа жапкандарды табууну сунуштады - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Депутаттар мамлекет жетекчилерине жалаа жапкандарды табууну сунуштады

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин 25-январдагы жыйынында бир топ депутат фейк аккаунттарды табууну өтүнүштү.

Эл өкүлү Равшан Сабировдун пикиринде, мамлекеттик жетекчилерге жалган жалаа жапкан жана ар бир жарандын аброюна шек келтирген аккаунттарды тазалоо керек.

Депутат «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалымат угууну, бул маселени атайын күн тартибине киргизүүнү өтүндү.

«Бул маселени күн тартибине киргизип, маалымат уксак, ар тараптуу карап көрсөк. Бул мыйзам коомго абдан керек, иштеши шарт. Бүгүнкү күндө мамлекеттин эң башында турган инсандарга да жалган жалаа жаап, ошондой эле ар бир жарандын аброюна шек келтирген нерселерден коомду биз, депутаттар, тазалашыбыз керек, муну эл күтүп жатат», — деди депутат.

Дагы бир эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу да коомдун көңүлүн башка жакка бурган фейк маалыматтар көбөйүп кеткенин айтты.

«Социалдык тармактар аркылуу адамдардын оюн башка нукка буруп, Орусияда же Америкада отуруп алып жазабы, белгисиз, фейктер аркылуу трайбалисттик, саясий мааниде, аймактар, улуттар аралык кастыкты козуткан билдирүүлөр көбөйдү. Буларга кандай чара көрүлүп жатат?» — деп сурады.

Депутат Улан Примов маалыматты манипуляциялоо тууралуу мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөнү, бул жөнүндө маалымат угууну сунуштады.

Эл өкүлү Алишер Козуев да жалган маалыматтар менен күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоору иштеши керектигин айтты.

«Эмне себептен толук кандуу иштебей жатат, түшүнүксүз. Кайсы бир оппозициядагы саясатчы же башка кээ бир адамдар жазып чыкса, сиздер кызыксаңыздар таап чыгасыздар, мүмкүнчүлүк бар. Бирок бул мыйзам жалпыга иштебей жатат», — деди ал.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Жалган маалыматты көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоорунун аткарылышы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн. Учурда аны жүзөгө ашыруу механизмдери иштелип чыгууда.

Булак: Марал FM

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x