Депутаттар Мадумаровду урушуп, ыйлатып ийе жаздашты - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Депутаттар Мадумаровду урушуп, ыйлатып ийе жаздашты

Baleket.kg — Парламентте УКМКнын ишмердүүлүгү тууралуу жаңы мыйзам долбоорлору каралды.

Анда депутат Адахан Мадумаров бул мыйзам долбоорлору 2018-жылы жазылганын айтып, андан бери Конституция алмашып, кырдаал бир топ алмашканын сөз кылды. Мындан улам ал демилгени артка кайтарып, кайра иштеп чыгууга жөнөтүүнү сунуштап өттү.

Ошол эле учурда эл өкүлдөрү Султанбай Айжигитов, Кундузбек Сулайманов, Балбак Түлөбаев, Жеңишбек Токторбаев кесиптешинин пикирине каршы болуп, бүгүн эле кароого чакырды.

Мадумаров кайрадан микрофонго чыгып келди.

«Мекен үчүн күйгөндөр, бул мыйзам кереги жок деп эч ким айткан жок. Мыйзам каккан казыктай болуп иштеши керек деп айтам. «Аны-мунун кереги жок» дегидей бул соода эмес. Конституция мамлекеттин бүтүндөй эрежесин бекемдейт. Анын 59-беренесинде «адам укуктары үзгүлтүксүз жана абсолюттук» деп жазганбыз. Бул мыйзам долбоорунун 4-беренесинде УКМКга тыңшоого укук берүү жазылып турат. Дароо эле каршы болуп чыгасыңар. Мен сиздерге караганда көбүрөөк күйөм өлкөгө, мыйзамдуулукту, тартипти көбүрөөк талап кылам, мамлекеттин күчтүү болушун каалайм», — деди Мадумаров.

Мадумаровдон кийин дароо андан мурун сүйлөгөн эл өкүлдөрү кайра микрофонго чыгышты.

Сулайманов кесиптешинен бир эле өзүн мамлекетке күйүп жаткандай көрсөтпөшүн суранды.

Түлөбаев болсо залда отургандардын акыл-эси, деңгээли бири-биринен ашса ашып, бирок кем калбай турганын баса белгиледи.

Ал эми Токторбаев депутаттарга акыл үйрөтпөшүн талап кылды.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

«Адахан мырзага айтарым, бизге мугалим болгонду токтотсо экен. Бул жерден Мадумаровдон башкасынын баары сабатсызбы? Мамлекетке бир эле ал күйөт бекен, биз деле күйөбүз. Публикага ойногонду токтотсунчу. Бул жерде отурган 88 депутаттын баары элдин элегинен өтүп келгенбиз, акылыбыз жетиштүү. Мадумаровдун акылынын кереги жок, акылыңызды үйгө таштап келиңиз», — деп какты Токторбаев.

Буга Мадумаров жооп берген жок, отурган жеринен эле баш чайкап «силерге беш» деп какшыктап, көздөрү жаш толгондой жылтырай түштү.

Ошол маалда вице-спикер Улан Примов бири-бирине шек келтирбей сүйлөөгө чакырды.

Учурда Жогорку Кеңеш УКМК тууралуу беш мыйзам долбоорун пакети менен карап жатат.

Алар: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx