Депутаттар Баткенди өнүктүрүү боюнча кандай токтом кабыл алды? - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Депутаттар Баткенди өнүктүрүү боюнча кандай токтом кабыл алды?

Baleket.kg — Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна болгон иш сапарынын натыйжасында токтом долбоорун кабыл алды.

Анын ичинде төмөнкү иш-чаралар камтылган:

Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган иштерди жасоо үчүн 2022-жылга карата бекитилген бюджетти өзгөртүү;

Баткен облусунун тургундарын Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тарабынан колдоого алуу. Ал жерде ар кандай окуялар болгонуна карабастан мамлекеттик кепилдик бере турган компания иштебей жатат. Жарандарды, алардын бизнесин милдеттүү камсыздандыруу зарыл, кийин зыян тартса автоматтык түрдө калыбына келтирилет;

Капиталдык салымдар көбүрөөк жумшалсын;

2021-жылдын апрель айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыр тарткандарга компенсация 1-мартка чейин төлөп берилсин;

Көпчүлүк нерселер эске алынбай калгандыктан жаңжалдын кесепеттерин иликтөөчү өзүнчө комиссия түзүү;

Тажикстан менен чектешкен аймактардагы чек арачыларга кошумча маяна төлөп берилсин;

Ак-Сай — Рават, Ак-Сай — Тамдык жана жергиликтүү калк эвакуацияланып жаткан баардык айланма жолдордун курулушун бүткөрүү. Себеби, ал жолдордо жеңил, жада калса жүк ташуучу унаалар да өтө албайт. Жолтандабастар гана жүрө алат. Оңдоло турган жолдун жалпы узундугу 23 чакырым;

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Баткен облусунун өзгөчө макамы жөнүндөгү мыйзамда 2022-жылга карата киргизилген бардык иш-чаралар толугу менен аткарылсын;

Бишкек — Исфана авиакаттамын жумасына 3 жолу каттаганга көбөйтүү. Учурда бир жолу гана каттап жатат.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x