Депутаттар Баткен элинин коопсуздугу үчүн ушундай сунуштарын билдирди - Baleket.kg
Ысык жаңылык

Депутаттар Баткен элинин коопсуздугу үчүн ушундай сунуштарын билдирди

Baleket.kg — Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусундагы элдин жашоо-шартын жакшыртуу жана чек ара чырларын алдын алуу боюнча өз сунуштарын айтышты.

Депутат Султанбай Айжигитов жаңжалдын чыгышына эмне себеп болуп жатканын аныктап, кыргыз-тажик чек арасындагы стратегиялык саясатты иштеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүүнү демилгеледи.

Ал эми Нуржигит Кадырбеков болсо, министрлер кабинетине чек ара аймагында иш орун түзгөн ишкерлерге бир нече жылга салыктык каникул берүүнү сунуштады. Аны менен катар быйыл айыл чарбаны өнүктүрүүгө каралган 11,5 миллиард сомдун бир бөлүгүн Баткен облусунун суу чыкпаган миңдеген гектар жерлерине суу жеткирүүгө берүүнү демилгеледи.

Аны менен катар чек ара чыры болгон учурда трасса жабылса, колдонулчу альтернативдүү жолдорду оңдоо керектигин айтты.

Ошондой эле, депутат Нурлан Ражабалиев да бир нече сунуштарын киргизди:

Ак-Сай — Тамдык, Ак-Сай — Рават айланма жолдорун тез арада оңдоо;

Ак-Татыр айылына тез арада оорукана куруу зарылчылыгы бар. Себеби ал жакта 30 миңдей калк жашайт. Төрт-Көчө тилкеси тосулуп калганда жаракат алгандарды жаткыруу маселеси жаралат;

Чек ара айылдарына өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүн ачып берүү шарт. Жакын жайгашса өз учурунда элге жардам бергенге мүмкүнчүлүк түзүлөт;

Чек ара жаңжалында элди эвакуациялоого транспорт жетишпей жатат. Бул маселеге көңүл буруу шарт;

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Чек аралаш айылдардагы турак жайлардын документин мыйзамдаштыруу;

Апрель айындагы жаңжалда жапа чеккендерге компенсация берүү маселесин тез арада чечүү. Дагы деле кенемте ала албай жүргөндөр бар;

Чек ара айылдарына курулуп жаткан мектептерди тез арада бүтүрүү.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx