Депутат Жусупбек Коргонбай уулу кимдин каягына кум куюп ойноткон? - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу кимдин каягына кум куюп ойноткон?

Baleket.kg — Фейсбук колдонуучусу Каныбек Абаралиев кайсы бир постго «ЖКнын депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун диплому «самапал» деп жатышкан эле…» — деп жазган.

Ага эл өкүлү жооп кылып, «Биз ОшГУнун жатаканасында жашап, окуп, 63 сом стипендия алып жүргөндө, сен, чочогуңа кум куюп, ойноп жүргөнсүң,» — деп жооп кайтарган.

Көп өтпөй, Ernis Nurdin аттуу фейсбук колдонучу «- Жогорку Кеңештеги «дерзкий» депутаттын бири Жусупбек Коргонбай уулу сын-пикирди терикпей кабыл алганы көпчүлүккө жакты. ОшМУнун тарых жана юридика факультетин бүтүргөн. Студент кезде «дерзкий» эле.
Кийин Бишкек шаарына эки жолу депутат болду. 44 мамлекеттин ичинен бокс боюнча аткаруу комитетинин Азиядагы мүчөсү болуп шайланып, Таиланда Кыргыздын желегин көтөрүп, уу-дууну бир жараткан жери бар,»
— деп пост чыгарган.

Эске сала кетсек, эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу буга чейин ЖКнын жыйынында даарат кагазы тууралуу сөз кылып, талкууга жем таштап, коомчулукка таанымал болгон.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx