Депутат болом деген Алымжан Козубаевдин видеосу тарады - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Депутат болом деген Алымжан Козубаевдин видеосу тарады

Baleket.kg — Полковник Алимжан Козубаевдин мас абалындагы видеосу тарады. Бул видео интернет тармагында катуу талкууга алынууда.

Журналист Баяна Кулова өздүк баракчасына анын видеосун жүктөп:

— Булар кимдер дебейсизби? Кадимки эле полковник Алымжан Козубаев жана аялы Раушан…

Биздин чиновниктер ичсе да ичине сиңирип, тыпыйып иче алышпайт, көчөгө чыгып алышат, анан мас болуп унаа башкарып… Жөнөкөй киши болсо иче берсин, өлүп кетсин деп салат элек.

Алымжан Козубаев жакында бирөө эле кетсе, ордуна парламентке «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутат болуп келет.

Бүтүнчүлөр, бирөөгө сын тагаардан мурун катарыңарды тазалап алсаңар боло. Алкашын, соосун, диплому бары-жогун кошо бербей. Ушул эми кайсыл кыйраткан депутат болуп бере алат?» — деп жазган.

Алымжан Козубаевдин өмүр таржымалын төмөндөн окуңуз.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Өмүр таржымалы:

Алымжан Козубаев 1968-жылы 20-сентябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында туулган. Жогорку билимдүү.

ИИМдин Бишкектеги жогорку мектебин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1989-2017 — Ички иштер министрлигинин түзүмдөрүндө ар кандай кызматтарды аркалаган (Ачык маалымат булактарда Бишкектин Октябрь РИИБинде инспектор, тергөөчү, ыкчам кызматкер, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басары);

2014-2016 — ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы;

2017-2018 — Жогорку Кеңештин аппаратында «Республика — Ата-Журт» фракциясынын сектор башчысы;

2019-2020 — «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директору.

Айта кетсек, ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаты болуу үчүн парламенттик шайлоого аттанган.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x