Дастан: Аны сүйгөндөй, башка адамды сүйө албадым… - Baleket.kg
Тагдыр

Дастан: Аны сүйгөндөй, башка адамды сүйө албадым…

Китепканадагы пери

Baleket.kg — Ата-энем кичинемден тарта жакшы тарбия берип, эч нерседен кем кылбай өстүрдү. Кичине чагымдан илимге умтулуп, мектепти “4”, “5” деген баалар менен аяктадым. Ата-энем мени борбор калаага ЖОЖго окутуу үчүн жөнөттү. Ооба, окууга тапшырып, өтүп кеттим. Күбөлүгүм жалаң “5” деген бааларга толуп жатты. Эртең менен саат 08:00гө окууга кечикпей барып, окуудан чыгып алып, улуттук китепканага келип, кечке чейин отуруп, китеп окумай менин көнүмүш адатыма айланган.

Ошол күндөрдүн биринде бир сулууну карай коюп, экөөбүздүн көз карашыбыз чагылыша түштү. Кантейин, ошол көз караштан жактырып калдым. Аны менен жакындан таанышуу мен үчүн өтө кыйын болуп турду. Ошентип, күндө китепканадан аны күтүү менин адатыма айланды. Ал келгенде аны тиктеп отура берүүдөн ырахат алаар элем. Бир күнү жаныма утурлай басып келип, — Кечириңиз, телефонуңуз болсо, апама коңгуроо согуп алсам болобу? – деп калды. Мен дароо телефонумду бердим. Ал апасына коңгуроо согуп көрүп, — Өчүк экен, анан байланышка чыгып калса, “Айжамалга коңгуроо согуп коёсузбу?!!” деп коюңузчу сураныч, – деди. Мен макул болгондой баш ийкеп кала бердим. Демек, сулуунун ысымы Айжамал турбайбы… Апасы коңгуроо сокпогондуктан, мен байланышка чыктым.

– Угуп жатам, — деген жаш кыздын үнү угулду. Көрсө, ал апасынын эле эмес, өзүнүн номуру экен да. Бул кылыгына бир чети таң берсем, бир чети абдан кубандым.

Чыныгы сүйүү сөз менен айтылбайт

Айжамал экөөбүз кыз-жигит катары жүрбөсөк да, дос катары дайыма чогу жүрдүк. Бирок, “Уул бала менен кыз баланын ортосунда достук болбойт” деген чын экен. Дегеним, ал мени жакын досу катары көргөн менен мени жактыраарын жүрөгүм менен туяр элем. Ага “Мен сени сүйөм” деп айта албайт элем. Эмнеге дейсизби, анткени антип миң бир жолу айткым келген менен айтууга батына албайт элем, себеби, мен үчүн өтө кыйын болчу. Бир жолу аны үйүнө чейин узатып барганымда, – Мен сени жакшы көрөм, – дедим. Ал бакырайган көздөрү менен карап, — Түшүнбөдүм, – деп жооп берди. Мен сөзүмдү уланта албай, — Макул, үйүңө кир, күн суук болуп кетти. Болбосо үшүп каласың, – дедим да, мен да өз үйүмө сапар алып кеттим.

Себебин айтпай ыйлай берди

Ошондой күндөрдүн биринде экөөбүз дагы кезиктик. Бул жолкусунда анын көңүлү жок эле. Анткен менен өзүн алдадыбы же мени алдадыбы, айтор, маанайын көтөрүүгө аракет кылып жатты.

— Айжамал, сага эмне болду?

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

— Эмне болуптур?

Сураныч, суроомо суроо менен жооп бербечи, айтчы сага эмне болду?

— Баары жакшы эле, кабатыр болбо!

— …

— Дастан, мени кечирип койчу…

— Эмнеге кечирим сурап жатасың?

— Тек гана кечирип койчу, баары үчүн кечирип койчу…

— Макул, кечирдим – дедим түшүнбөсөм дагы.

— Сени менен өткөргөн күндөрүм абдан бактылуу… Билесиңби, мен…

— Эмне сен?

— Мен… Мен сени жактырам…

Билем.

— Мен да сенин жактыраарыңды билем.

Бул күнү экөөбүз таңды кино көрүп чогуу атырдык. Эртең менен ал кетээринде, мени бекем кучактап, эч себебин айтпай, башын көкүрөгүмө жөлөп, шолоктоп ыйлай берди. Мен эч нерсени түшүнбөй, ал ыйлап жатканда нес болуп катып туруп бердим. Бир кезде ал мени жакшы көрөөрүн айтып, өмүр бою коштошуп жаткансып кете берди. Мен – Жакшы бар, көрүшкөнчө, эртең кечки саат 18:00дө «Манас» кинотеатрынын алдынан күтөм, – деп кол булгалап кала бердим.

Аны 4 жыл издедим…

Эртеси белгиленген жерден аны күтүп отурдум. Саат 19:00 жок, 21:25 жок, 22:06 жок… Акыры чыдамым түгөнүп, анын үйүнө сапар тартым. Үйүнө жете барсам, чоң кара кулпу илинип туруптур. Ошентип, аны ошондон бери таппай, 4 жыл издедим. Ал үйүндө азыр деле кара кулпу илинип турат. Өткөн айда дагы барсам, Кудай жалгап ачык экен. Үйгө сүйүнгөнүмдөн чуркап кирсем, орто жашаар бир аял ыйлап отуруптур. Көрсө, ал Айжамалдын апасы экен. Аны менен таанышып, Айжамалдын кайда экенин сурадым.

Төбөмө асман түшүп, таманыман жер урагандай туюлду

— Айжамалдын тубаса жүрөк оорусу бар эле… акыркы күндөрү абдан кыйналып жүрдү. Анан туугандардан тыйын-тыпыр чогултуп, кызымды алып, Германияга жөнөдүм. Кызыма абдан кымбат оор операция жасалды. Бирок, аны миллиондогон акча дагы, баасы кымбат дары дагы, “Мен-мен” деген дарыгерлер дагы сактап кала албады… Дээрлик төрт жылдан бери өзүмө келе албай жүрөм. Эки күн мурун эле келдим үйгө. Бул үйдү сатыкка коюп жатам, — дегенин уктум.

Ишенесизби, көзүмөн жаш кетти. Жерге жыгылып түшүп, жаш баладай эреркеп ыйлап жаттым. Абдан кыйноо тарттым… Азап чектим… Түбүң түшкүр дүйнө…

Апасы кичинекей түтүкчө болуп оролгон кагазды алаканыма салып, — Кызым операцияга кирээрде сага берип кой, — деп берди эле, ошондон бери ача элекмин. Эмне деп жазылганын билбейм. Бул кызымдын аманаты, ачып оку уулум… — деп үн катты.

Кагазды ачсам, “Мен сенден кечирим сурайм, Дастан… Кечир мени… Эгер азыр операциядан аман чыкпай калсам, кош бол жаным… Кантейин, бул менин маңдайыма жазылган тагдыр экен. Мен сени сүйөм!” деп жазылган экен.

Ошондон бери ал адамды унута албай келем. Аны сүйгөндөй, башка адамды сүйө албадым…

Дастан

Булак: Baleket.kg

Эскертүү: Baleket.kg маалымат порталынын макалаларын жарым жартылай же толук түрдө колдонууда шилтеме берилүүсү шарт. Баардык укуктар коргоого алынган.

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Бул жакка да көңүл буруңуз
Close
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx