
Baleket.kg — Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында Кыргызстандын баардык ооруканаларында бахилалар бекер болушу керек. Бул тууралуу ал Kaktus.kg‘ге айтып берген.
«Бахилалар бекер таратылышы керек. Ооруканалар муну бизнес кылып алышыптыр. Буга ар дайым эле каражат бөлүнчү, бирок ушул күнгө чейин элге бекер таратылган эмес», — дейт Бейшеналиев.
Анын айтымында, бахила сатуудан пайда көргөн бизнесмендердин баардыгы аны жек көрө башташты.
Булак: Baleket.kg