Дөөлөт Сыдыков: Мага асылгыдай сага эмне кылдым? - Baleket.kg
КоомШоу-бизнесЫсык жаңылык

Дөөлөт Сыдыков: Мага асылгыдай сага эмне кылдым?

Baleket.kg — Манасчы Дөөлөт Сыдыков кыргыз элинин нарк-наасилин тебелеп, баалуулуктарын шылдыңдаган киноактриса Гүлнур Асановага жооп берди.

Өзүн ыймандуу сезген Гүлнур Асанова «Теңирчилерди тыйып коюңуз» деп Замандын залкар манасчысы Дөөлөт Сыдыковду эч себепсиз жемелеген.

«Манас атабызды мисал келтирип сүйлөбөшүм керек тура. Кудай Манас атабызды да жараткан десем, күмөнү бар окшойт. Манас ата жөнүндө сүйлөбөшүм керек экен кыскасы. Энчилеп алышканбы же Кудай кылып алышканбы — бул табышмак. Кыскасы, Манас атабызды, сизди жана мени, бүт ааламды жалгыз Алла жараткандыгын айтсам эле талап жатып калышты», — деп жазган өзүн акылдуу сезген Асанова.

Ал эми Дөөлөт Сыдыков ырчынын комментарийлеринде «бир туугандын балдары бири-бири менен баш кошсо болот, Манасыңарга муктаж эмеспиз» деп айтылган дейт.

«— Гүлнур Асанова социалдык тармактын колдонуучулары менен билдирүүсү боюнча айтышып жатып менин атымды да атап өтүптүр. Ал тууралуу мага тааныштарым айтып калышты. Карасам, соңку билдирүүсүндө мени белгилеп кетиптир.

Ошондон улам «Гүлнур Асанова, мага асылгыдай сага эмне кылдым?» — деп жооп жаздым.

Экинчиден, теңирчи деген эмне? Лексикада андай сөз жок. Теңир деген сөз бар, Кудайдын кыргызча аталышы.

Үчүнчүдөн, эмнени алдады деп жатасың. Гиннесске айтканды «Калп эле Манас айтты» деп жазыптырсың. Ооба, бир эмес, эки жолу айттым. Менин айтканымдан күмөн санабай эле кой. Мен айттым, ал жерде Лондон үчүн документтештирүү иштери жүрүп жатат, ал жерге катталуу оңой-олтоң иш эмес. Гиннесске катталуу кечигип же созулуп жатса ал менден көз каранды эмес.

Карындашым, эсиң барда этегиңди жап! Сен экөөбүз бир окуу жайда бирге окуп, бир сахнада жүргөн кишибиз. Манасыма шек келтирбе, кыргыз болсоң, Манаска асылба! Менин сага берер кеңешим ушул», — дейт.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x