«Чечин, мен эркекмин!» Айдоочу менен жол тескөөчүнүн видеосу - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

«Чечин, мен эркекмин!» Айдоочу менен жол тескөөчүнүн видеосу

Baleket.kg — Социалдык тармакка жол тескөөчү менен эркек киши кайым айтышып жаткан учурда тартылган видео тарады.

Кийинчерээк видео Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунун 80-чакырымында тартылганы белгилүү болду.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаевдин айтымында, видео жол эрежесин бузган «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү жол тескөөчүгө протокол түзүүгө каршылык кылып жаткан учурда тартылган.

«Ушул жылдын 21-январь күнү Алай районунун Гүлчө айылында, тактап айтканда, Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там эл аралык маанидеги унаа жолунун 80-чакырымында Алай РИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кенже инспектору, милициянын прапорщиги М.У. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан.

Ошол кезеңде «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол эрежесин бузгандыктан унааны токтоткон. Уруксат жок унаага кошумча жабдыкты орнотуп алганы үчүн айдоочуга карата Укук бузуулар кодексинин 194-беренесинин (ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу) негизинде протокол түзүп жаткан учурда унаанын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан Алай районунун тургуну — 1998-жылы туулган С.уулу Р. унаадан түшүп, кызматкер М.У.га протокол түзүүгө тоскоолдук жаратып, ар кандай чагымчыл аракеттерди жасап, аны оозго алгыс сөздөр менен урушкан.

Жол тескөөчү менен жүргүнчүнүн ортосунда кайым айтышуу жаралган.

Учурда бул окуя боюнча Ош ОИИБдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүүдө», — деди Теңизбаев өз сөзүндө.

Baleket.kg

Видеодон эркек адам жол тескөөчүгө: «Чечин, чечине бер, мен эркекмин!» деп айтканын угууга болот. Ал эми жол тескөөчү үстүндөгү кийимин чечип: «Сөгүнбө!» деп жооп кайтарган.

Мыйзам бузуп, ал үчүн протокол түзгөн кызматкердин ишине тоскоолдук жаратып, тилдеп, сөгө берсек болобу? Айып пул төлөөнү каалабасак, эрежени бузбайлы!

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx