Босумбаева: Россиянын саясатына аралашканды бизге ким коюптур?!! - Baleket.kg
Ысык жаңылык

Босумбаева: Россиянын саясатына аралашканды бизге ким коюптур?!!

Baleket.kg — Zobolo.kg масс-медиасынын редактору, журналист Самара Босумбаева Путиндин таанышы эмеси экенин өзүнүн интернет баракчасына жазып чыкты.

Анын билдирүүсүнө караганда, «Россияда мигранттарыбыз бар, митингге чыкпагыла!» деп койгону үчүн талоонго калган.

«- Кызык эле элбиз ай… «Россияда мигранттарыбыз бар, митингге чыкпагыла!» — деп койгонум үчүн жеке баракчама чейин келип, тилдеп кетип жаткандар, Путин мени уккудай, менин тай акем беле? Же Зеленский силердин жээниңер беле? Биздин жазганыбыз, айтканыбыз эмнени чечет?
Чын ай, «Путинди эмне жактап жатасың?» — деп бир киши кайра — кайра мээмди жеп салды. Ачыгын айтайынчы, Путин менен жеке тааныштыгым жок. Биздин биякта эки-экиден кырылышып жатканыбыз кимге кызык? Башкалардын саясатына киришкидей биз кимбиз? Өзүбүздүкүн эптеп алалычы! Болгону Россияда мигранттарыбыз толтура, ошол мигранттар бизди багып жатышат, алар салган акчалардын аркасы менен экономикабыз кармалып турат… «Суу ичкен кудугубузга түкүрбөйлү!» Биз бул жакта кыйын болуп митингге чыгып жатсак, бизди багып жаткан мигранттарыбызды кордоп коюшат! Мен болгону ушул эле ойду айткым келди… Алардын саясатына аралашканды бизге ким коюптур… Өзүбүздүкүнө мээбиз жетпей отурганда…» — деп жазган.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx