Борис Жонсон: 1945-жылдан бери боло элек ири согуш чыгышы мүмкүн - Baleket.kg
Дүйнөгө дүрбү

Борис Жонсон: 1945-жылдан бери боло элек ири согуш чыгышы мүмкүн

Baleket.kg —  Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон ВВС агенттигине берген маегинде Украинанын айланасындагы соңку кырдаалдан улам Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки ири жаңжал чыгуу кооптуулугу жаралганын сөз кылды. Бул тууралуу Спутник Кыргызстан жазып чыкты.

Борис Жонсондун айтымында, Россия Украинанын аймагына кол салуу планын ишке ашыра баштаганынын айрым белгилери байкалууда.

«Учурда биз байкоо салып жаткан план ишке ашса, Европада масштабы боюнча 1945-жылдан бери боло элек ири согуш чыгып кетеби деп чочулап турам», — деп айткан Жонсон.

Британиянын премьери чалгынчыларынын маалыматына таянып, Россиянын аскер күчтөрү Киевди «курчап алууну» пландап жатат деп билдирген. Ошондой эле АКШ президенти Жо Байдендин айткандарына шилтеме берип Россия Украинанын чыгыш тарабынан эле эмес, Беларусь жактан да «кол салып» кирерин айткан.

Россия Украинанын айланасындагы кырдаалдын чыңалышы боюнча Москвада жазылган план эч кимге коркунуч жаратпай турганын тынымсыз айтып келүүдө. Ар кандай билдирүүлөрдү НАТОнун аскердик техникасын Россиянын чек арасына жакын жерге көбүрөөк жайгаштыруу үчүн шылтоо катары колдонушууда. Буга чейин ТИМ башчысы Сергей Лавров Москва коңшу өлкөгө эч кандай жаңжалдуу кырдаал жаратпай турганын билдирген. Анын айтымында, Батыштын Украинанын айланасында дүрбөлөң салып жатышы Донбасс боюнча Минск келишимин аткарбай жаткан Киевдин аракетин калкалоо максатын көздөйт.

Батыш Россия Украинага чагым даярдап жатат деген билдирүүлөрүн россиялык аскерлер машыгуудан туруктуу жайгашкан жерине кайтып келгенине карабай токтоткон жок.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x