Болотбек Назаров наркотикалык зат колдонгонун мойнуна алган жок - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Болотбек Назаров наркотикалык зат колдонгонун мойнуна алган жок

Baleket.kg — 20-январда журналист Болот Темиров “Ташиевдердин кланына” байланыштуу иликтөөсүн жарыялап, анда үй-бүлө мүчөлөрү кантип “Кыргызстанда мунай магнаттарына” айланганын сүрөттөгөн.

22-январь күнү кечинде милиция кызматкерлери жана беткапчан адамдар Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесине келишкен.

Алар тинтүү иштерин жүргүзүп, Болот Темировдун чөнтөгүнөн марихуанага окшош зат салынган кутучаны таап, баардык компьютерлерди жана үн жаздыруучу жабдууларды алып кетишкен.

Болот Темиров РИИБге жеткирилип, камакка алынган. Эртеси журналисттер, коомдук активисттер тынчтык митингине чыгышканда ал үй камагына чыгарылган.

Ошол эле күнү ушул эле жүйө менен төкмө акын Болотбек Назаров да кармалган.

Төкмө акындар чогулуп, ИИМнин алдында ыр төгүшкөндө үй камагына чыгарылган эле. Анткен менен анын наркотикалык зат колдонуп жатканы интернет айдыңына тарап кеткен. Бирок, төкмө акын муну четке кагууда.

Четке какмак турсун, үй камагына чыккандан кийин да ырдап чыккан. Элдин басымдуу бөлүгү «Төкмө акындардын кадырына жугунду куйду» деп кыжырданса, кээ бири колдоого алышууда.

Болотбек Назаров,

Периште эмес, пендесиң деп катардагы,

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Башыңды көтөр деди атам дагы.

Жекелей берсин мейли фейк, троллдор,

Жемкорум жегениң айтам дагы, — деген ыр саптарын айткан.

Көп өтпөй, өлкө башчы Садыр Жапаров бул окуяларга өз пикирин билдирген.

Болуп өткөн окуялардан кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин отставкасын талап кылгандар көбөйгөн.

Камчыбек Ташиев журналистерге атайын жыйын өткөрүп, түшүндүрмө берген. Аны менен катар элдин нааразычылыгынан улам бир тууганы Шайырбек Ташиев мандатын тапшырып берээрин билдирген.

Ал ортодо Шайырбек Ташиевди колдоп, мандатын тапшырып бербөөсүн талап кылып, он чакты адам митингге чыкты.

Кийинчерээк Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда түшүнбөстүктөр жаралып, урушуп кетишкени тууралуу аңыз тараган. Мунун себеби, өлкө башчы инстаграм баракчасынын тарыхчасына «Күчтүүлөр дайыма жалгыз жүрөт» деген сүрөттү киргизип, кайра өчүрүп койгонунда болгон.

Бул окуя муну менен токтоп калбастан, кечээ, 25-январь күнү Temirov live ютуб каналынын менеджери Айжан Алымсеитованын төшөк кумарына баткан видеосу таркаган. Анда анын маселелерди төшөк аркылуу чечээрин, аны менен кошо ата-энеси жөнүндө да маалыматтар айтылган.

Ошол эле каналдын журналисти Тыныстан Асыпбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге «Менин интимдик видеом качан чыгат Камчыбек Ташиев?» деп собол салган.

Журналист Баяна Кулова Айжандын интимдик видеосунун тартылышы менен таркашына Камчыбек Ташиевдин журналисти Өткүрбек Рахмановду айыптап чыкты.

Окуянын жүрүшүн тез билүү үчүн төмөндөгү шилтемени басып, биздин телеграммга кошулуңуз:

https://t.me/baleketkg

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx