Болот Назаров: Командаңдын ичинде камандарың көп экен - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Болот Назаров: Командаңдын ичинде камандарың көп экен

Baleket.kg — Бишкек шаарындагы Турусбеков менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен комузчу Назаров Болотбек Койчубаевич кармалып, андан 14,71 грамм салмактагы, атайын жыты бар зат табылганы айтылган.

Буга чейин кечээ журналист Болот Темиров да ушул эле иш менен кармалып кеткен. Ал өзүнүн Ютуб каналына бир топ иликтөөлөрдү жарыялаган.

Коомчулукта журналист менен төкмө акындын кармалышы саясий куугунтук катары бааланууда. Анткен менен бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, саясий куугунтук болбогонун билдирди.

Төкмө акын буга чейин «Камчыке, кара калкыңды», «Эки дос» аттуу ырлары менен катуу сын айтып келген.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx