Бишкектин мэри жер кылмышына катыштыгы боюнча комментарий берди - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Бишкектин мэри жер кылмышына катыштыгы боюнча комментарий берди

Baleket.kg — Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жер маселесине байланышкан кылмыш ишине катыштыгы боюнча жооп берди.

2006-жылы Башкы прокуратура мурдагы вице-мэр Эмилбек Абдыкадыров кыймылсыз мүлккө байланыштуу алдамчылыкка шектелип жатканын билдирген. Ал 2003-жылы эки жер участогун жеке менчикке өткөрүп берүүдө мыйзамсыз токтом кабыл алууга айыпталган. Жаңы ээлерине берилген жерлерде өкмөттүк структуранын балансындагы имараттар менен курулуштар болгон.

Андагы чыгым 130 миң сомго бааланган.

Абдыкадыровдун айтканына ишенсек, 2003-жылы эки участокту мамлекеттен муниципалдык менчикке өткөрүүдө бир виза жетишпей калган. Бирок юристтер баарын териштирип алгандан кийин иш токтотулган.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx