Бишкекте жумушсуз жүргөндөргө акысыз курстардын даректери - Baleket.kg
КоомПайдалууЫсык жаңылык

Бишкекте жумушсуз жүргөндөргө акысыз курстардын даректери

Baleket.kg — Баш калаабыз Бишкекте жумушсуз жүргөндөр үчүн кесипке үйрөтүүчү акысыз курстар бар. Бул тууралуу Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди.

Окутуу алтымыштан ашык адистик боюнча сунушталат. Анын ичинде бухгалтердик эсеп, чет тили, интерьер дизайны, компьютердик сабаттуулук сыяктуу курстар камтылган. Аны менен катар телефон оңдогонду, ширетүүнү жана башка кесиптерди үйрөнүүгө болот.

Арыз берүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • паспорт;
  • билими тууралуу документ;
  • эмгек китепчеси (эгер болсо).

Курста окуп жатканда стипендия берилет жана бүткөндө сертификат ыйгарылат.

Кайда кайрылуу керек (телефон номери жана дареги)?

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы:

Токтогул көчөсү, 237, (0312) 65-58-68;

Октябрь районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү:

Токтогул көчөсү, 43, (0312) 68-02-04;

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Ленин районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү:

Бөкөнбаев көчөсү, 99, (0312) 30-36-96;

Свердлов районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү:

Токтогул көчөсү, 43, (0312) 43-47-49;

Биринчи май районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү:

Бөкөнбаев көчөсү, 99, (0312) 30-37-48.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx