Бишкекте автобустун жол акысы 15 сом болоору күтүлүүдө - Baleket.kg
Коом

Бишкекте автобустун жол акысы 15 сом болоору күтүлүүдө

Baleket.kg — «Эко» жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы Бишкекте автобустун жол кире акысын 11 сомдон 15 сомго көтөрүүнү суранып жатышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы маалымдады.

«Компания тарифти 11 сомдон 15 сомго чейин көтөрүүнү карап чыгууну өтүнөт. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы «БШКнын транспорт тармагындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому боюнча маселени чечүү мүмкүн болбой жатат», — деген муниципалитет.

Учурда компания шаардагы тогуз каттамды тейлейт. Күнүнө линияга 120-130 автобус чыгат.

Аталган компания жеңилдетилген категориядагы жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн субсидия төлөө маселесин көтөрүүдө. Мэрия акча каражатын электрондук билет системасынын валидаторлору орнотулгандан кийин гана төлөөгө даяр.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx