Баяна Кулова: Сүмбүлдөрдүн кылыктары ичиме батпай бара жатат… - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Баяна Кулова: Сүмбүлдөрдүн кылыктары ичиме батпай бара жатат…

Baleket.kg — Журналист Баяна Кулова мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортодогу достук мамилесин бузууга аракет кылгандар катуу иштеп жатышканын өзүнүн интернет баракчасына жазып чыкты. Эмесе, толугу менен берели:

— Айтпасам болбой калды окшойт, эми айтайын…

Экөөнү ажыраттуу үчүн бирине бирин жамандаган жетим жүгүрүктөр каттуу иштеп жатышат. Ташиевдин кечээки чыккан чуусунда дагы жакшы, президент ачууга алдырып ийбеди. Уруштурууга далбастап Ташиевди жок кыла албай, президент экөөнү эки жолго сала албай түркүн түстүү амалдарды колдонушууда.

Убара болбой эле койгула, экөө миң жолу урушуп, кайра табышкандар. Көбүнө өзүм күбөмүн. Азыр экөөнүн жанында жылмаңдап сулуу чымчык болуп жүргөндөрдүн көбү жок кезде мен билет элем, жана билем!

Трайбализм бул оору. Оору ашынып кетсе зыян. Баардык нерсенин ашыкчасы зыян. Дал ушул сапатта ооругандар экөөнүн колтугуна суу бүркүп, ортодо «Сынган кылычтагы» Абил бийдин ролун ойноп жатышат. Бир Алымбек датка чыгып «Мына, ханды элине, элди ханына жек көрсөткөн ушулар!» — деп туруп, элдин көзүнчө башын алып койчу эр азаматыбыз жок тура…

Эсимде Жалал-Абаддагы бир иш-чарада Камчыбек Ташиев Ахматбек Келдибековду талкалап сындады. Бүт журналисттер жабалактап жазып жатышканда, мен гана жазбай туруп бергем. Себеби, экөөнүн сырын билет элем.

Андан мурун да Келдибеков экөө каттуу урушуп, ал дагы жаман сөзүн аябай кырылыша кетишкен. Эки күн өтпөй экөө элдешип алышыптыр. Башка журналисттер жаман болушуп, көпкө ыңгайсыз болуп жүрүштү. Ошондой эле кеп, эч качан экөөнүн ортосуна түшпөгүлө. Мамлекет оюнчук эмес. Иштесин! Бирин бирине кайрабагыла. Ортосуна от жагып эмне пайда табасыңар? Жөн гана Шайырбек Ташиев агам сары улак болуп садага чабылып кетти!

25 000 кишинин ишенимин талкалап, аргасыз мандатын тапшырып берүүгө даярданып жатат. Муну менен экөөнө жагалдана калайын дебедим, ары бери ойногон Сүмбүлдөрдүн кылыктары ичиме батпай бара жатат… Адам эмессиңер, силер адам кейпин кийген шайтансыңар! Шайтанды да жолдон чыгарасыңар го бул кетиште, чиркин.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx