Баяна Кулова Айжандын интимдик видеосуна Өткүрбек Рахмановду айыптады - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Баяна Кулова Айжандын интимдик видеосуна Өткүрбек Рахмановду айыптады

Кызыктын баары телеграммда: https://t.me/baleketkg

Baleket.kg — Эске сала кетсек, буга чейин Temirov live ютуб каналынын менеджери Айжан Алымсеитованын төшөк кумарына баткан ачык видеосу таркап кеткен. Видеодо Алымсеитова тууралуу кенен айтылып, ата-энеси туурасында да маалымат берилген.

Учурда журналистердин басымдуу бөлүгү атайын буйрутма берген деген шек менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди күнөөлөшүүдө.

Фейсбук тармагында УКМКнын төрагасына карата ар кандай какшык сөздөр да байма-бай жазылууда. Ага мамлекет башчынын тарапташы Бекзат Өмүрбековдун Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозайым Нарматованын кыздыгы жок экенин айтып чыкканы да кошумча болгон.

Журналист Баяна Кулова Айжан Алымсеитованын төшөк кумарына баткан видеосунун тарашына Камчыбек Ташиевдин журналисти Өткүрбек Рахмановду айыптап, андагы сүйлөгөн эркек адамдын үнү аныкы экенин белгиледи.

— Алдын ала айтып коёюн. Мага Болот Темиров менен НПОлор кырылып калса да бир тыйын… Бирок… бирок коомчулукта мындай ыпластыкты мен эки дүйнө колдобойм. Бирөөнүн жеке жашоосу, бирөөнүн төшөгү ал өзүнүн жеке иши.

Бул Айжандын видеосун таратып, аныңар аз келгенсип, ата-энесин кошуп, чыгарып салганыңар өтө тыкыр иликтегениңер көрүнүп турат. Анысы аз келип жаткансып, так УКМКнын төрагасынын эң жакын адамдары Жазира Таалайбекова менен Өткүрбек Рахманов модераторлук кылган баракчага жүктөлүп калганы УКМКнын төрагасына болуп көрбөгөндөй шектенүүлөрдү жаратууда.

Өткүрбек иним чычалап жатканы менен ЗКТда кимдин үнү ким экенин журналисттер дароо таанып койду. Мен деле тааныдым. Жаман көрсөң жармаңды бербей эле кой, акыркы учурларда артыңдан ушундай жаман-жакшы кептер ээрчип жатат, Текебаев айтмакчы, зыяны Ташиевге тийүүдө.

Душман кишинин да ата-энесин аяйсың «кой» деп! Бул жүрүшүңөр менен Камчыбек Ташиевдин түбүнө оппозиция эмес силер жетесиңер!

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Азыр да өчпөй эми вотсапп группаларга тарап кетиптир. Уятынан ата-энеси эшикке чыга албай жаткандыр. Мейли, кыздын өзүн жасагыла, эмнеге ата-энеге тийишесиңер? Ыйык бирдемеңер барбы силердин?

Биротоло арамга малынып эле калыптырсыңар да. Мындай болбойт, Өткүр иним, эсиң барында этегиңди жап! Камчы акени жаман көрсөтүп атасың журналисттерге! Сен УКМКда иштеп жүргөндө, Ташиевден өзү айткандай элдин баары бурулуп ары басып кеткенде, жанында бир журналист калбай калганда мен жүргөм!

Мындай ыплас нерсени ал жек көрчү эле, бөрк ал десе баш алып жатат окшойсуң! Сага башкы чекисттин колу бошобой жүрөт окшойт. Эжелик акыркы кеңешим Өткүр. Ата-эне сенде да бар. Бирөөнүн ата-энесине тийишпе.

Экинчиден эң оор күндөрдө Ташиевдин жанында мен тургам. Мына, азыр кабылдамасына кире албайм. Каттуу айтканда, сен ким элең дегенсип эшигин жаап койду. Сен дагы бир күнү көчөдө каласың, ошондо салам алик кылганга, мамилелеш алака-катышка адам керек. Адамга адам керек өзү. Абайла! Мен баскан тырмоочту сенин басышыңды каалабайм, ошого айтып жатам.

Кааласаң кабыл ал, каалабасаң кеч болсо да кабыл аласың! Саясатчыларды билбейт окшойсуң, көзүң тумандан ачылганда, баары кеч болуп калбасын! — деген Баяна Кулова.

Буга жооп кылып, «Туура эмес жазыпсыз. Ал эч кандай менин голосум эмес. Үстүмдө Кудай турат. Куру доомат кылбаңыз. Башкалар антсе дагы, сиз менден тактап алсаңыз болмок… Өкүнүчтүү,» — деп Өткүрбек Рахманов комментарий калтырган.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx