Баткен: Тажик тарап үйлөрдү аткылап, өрттөй башташты - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Баткен: Тажик тарап үйлөрдү аткылап, өрттөй башташты

Baleket.kg — Тажикстан аскерлеринин аткылоосунун кесепетинен Көчө-Бою тилкесинде жайгашкан кыргызстандык жарандын турак жайы өрттөндү. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Аны менен катар тажик тарап Кыргызстандын ички аскерлери жайгашкан жерге миномёт менен атканы белгиленди.

Соңку маалымат боюнча, төрт кыргызстандык аскер жаракат алды.

Өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин кол башчысы Раджабали Рахмонали экөө эки ирет телефон аркылуу сүйлөшкөн. Атышууну токтотуу тууралуу маселе көтөрүлгөнү менен эч натыйжа болбой жатат.

Булак: Baleket.kg

Маалыматты башкаларга жеткириңиз!

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx