Баткен: Садыр Жапаров Эрдогандан шашылыш жардам сурайбы? - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Баткен: Садыр Жапаров Эрдогандан шашылыш жардам сурайбы?

Baleket.kg — 28-январь саат 01:20га карата Көчө-Бою жана Дахма аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлеринин атышуусу уланууда.

Ага ылайык, 27-январь саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин атышуусу болгону 10 мүнөткө токтогон.

Атышуу токтогон убакта Баткен башчысы Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун губернатору жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу пландалган. Бирок тажик аскерлери эки тараптын макулдашуусуна карабай кыргыз аскерлери жакка ок атууну уланткан.

Журналист Айбек Нур Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдогандан жардам суроосу керек деп эсептейт. Ал бул тууралуу фейсбук баракчасына жазып чыкты.

— Абал курч. Бул кетиште дагы бир нече өмүрлөр мерт кетет. Жакшысы, өткөндөн сабак алып, өзүбүздү коргоо үчүн өлкө башчы Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдогандан шашылыш жардам суроосу керек.

Элибизде тынчтык болсун,» — деген журналист өз сөзүндө.

Айта кетсек, Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганын белгиледи.

Алардын миномёт колдонушу чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбейт. Бул Тажикстандын Чек ара кызматы Куралдуу күчтөрдүн күчүн жана каражаттарын колдонгонун көрсөтүп турары кошумчаланды.Ал эми тажик тарап Сомониён айылынан жамаат Чоркухка бара жаткан тажикстандыктардын машинасын таш менен ургулашкандыктан чуу чыкканын айтууда.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x