Баткен милициясы ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Баткен милициясы ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Baleket.kg — Баткен районунун Бужум, Кара-Бак айылдарында Баткен РИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев айыл башчылары менен биргеликте жергиликтүү тургундарга Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын жеткирип, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Элдер менен жолугушууда элдин социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү максатында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүнүктөрдү берип, кур намыс үчүн материалдык жактан эбегейсиз чыгымдарга учурап жаткандыктары талкууланды.

Элет жергеси бул Жарлыкты колдоорун айтышып, “заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту, үнөмдү үйрөнгөнүбүз жакшы”- деп сөз кылып өтүштү.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx