
Baleket.kg — Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматта жапа чеккендердин баары Баткен облустук бириктирилген ооруканага жеткирилгени айтылат.
«Жаңжалдан жабыркаган 11 кишини баары аскер адамдары, жай тургундар жок. Жалпы жонунан абалдары орто оордукта деп бааланууда», — делет билдирүүдө.
Тажикстан массалык маалымат каражаттары ортодо чыккан чырдан улам болжолдуу маалымат боюнча 17 адам ооруканага жеткирилгенин жазган. Бул 28-январга караган түнү алынган маалымат.
Булак: Baleket.kg