Башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун аты ыйгарылат - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун аты ыйгарылат

Baleket.kg — Бүгүн, 21-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Эл Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Жусуп Абдрахмановдун жакындары катышты.

Жапаров президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымы ыйгарыларын билдирди.

Ошондой эле, Чолпон-Ата шаарына Жусуп Абдрахманов атындагы парк уюштурулуп, айкелин ачуу пландалууда.

Мамлекет башчы Россиядагы жана Казакстандагы архивдерден Абдрахмановго тиешелүү 200 баракка жакын документ табылганын айтты. Анын айрымдары санарип форматка көчүрүлгөн.

“Великий Жусуп Абдрахманов и его эпоха” документалдык жыйнагын басып чыгарууга президентинин резервдик фондунан 390 миң сом бөлүнгөн.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x