Башкалар сыяктуу бактылуу үй-бүлө күтүп, артына туяк калтыра албаган Алыкул - Baleket.kg
Тарых барактарында

Башкалар сыяктуу бактылуу үй-бүлө күтүп, артына туяк калтыра албаган Алыкул

Baleket.kg —  Ооба, Алыкул бул жарыктан эрте кетти. Катуу илдетке чалдыгып, дартына даба таппай, 35 жаш курагында оо дүйнөгө узай бербедиби…

Убагында аны эч ким деле кадырлап, коомдук масштабда мактап, ардактаган жок. Кургак учук, болгондо да туберкулёздун ачык формасы акынды элден обочо жүрүүгө мажбурлады.

Алыкул эл сыяктуу бактылуу үй-бүлө күтүп, артына туяк калтыра албады. Жалгыз чүрпөсүнөн айрылды. Айласыздан бүт өмүрүн чыгармачылыкка, поэзияга арнады. Китеп менен дос болуп жүрүп, өмүрүн өткөрдү.

Өлүм сааты улам жакындап калганын жан дили менен сезип, акын ошону чыгарма кылып жазды. Өлүм ирегесин сагаалап, ажал бетме-бет келгенде, Алыкул жарык дүйнөнүн кадырын чындап сезип, натыйжада ой жүгүртүүсү деңиздей тереңдеп, асмандай кеңейди.

Анын ысымы ал бул дүйнөдөн өткөн соң гана чыкпадыбы. Балким, акын жок дегенде дагы 35 жыл жашаганда баары башкача болоор беле ким билет?

Анткен менен кыргыз тарыхында анын ысымы, көкүрөк-көөдөнүнөн оргуп чыккан ырлары өлбөс-өспөс алтын тамгалар менен жазылып кала берди. Бир гана биздин кемчилик, убагында колдо бар алтынды барктай албагандыгыбызда…

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx