Балекет экен! Эми автоунаа менен учуп баштайбыз - Baleket.kg
Дүйнөгө дүрбүЫсык жаңылык

Балекет экен! Эми автоунаа менен учуп баштайбыз

Baleket.kg — Балекеттей укмуштуу жыйынтыкка адистер 200 ирет учуп чыгып, кайра конуп, 70 саат бою кылдаттык менен авиациялык коопсуздуктун европалык стандарттарынын (EASA) негизине шайкеш келтирип сынап отуруп жетишкени айтылат.

Ал процесстер YouTube каналга жарыяланган.

Өндүрүш ээси учуулар жана ишке киргизүү үчүн пайдалануу маневрлар бардык тесттен өткөрүлгөндүгүн билдирди.

«Аппарат учуп жүргөндө таңгаларлык так жана динамикалык туруктуулукту» көрсөткөндүгүн баса белгилеген. Мындан тышкары, сынап жатканда машина Словакияда шаарлар арасында алгачкы каттамын жасаган.

AirCar орточо алганда саатына 170 чакырым ылдамдык менен 1000 чакырымга жүрө алат. Асманга 2,5 чакырымга чейин көтөрүлөт.

Андан сырткары, спорттук автоунаадан эки мүнөттө эле чакан учакка айлана алат.

Бул техниканы жасап чыгууга эки жыл убакыт кетип, эки миллион евродон кем эмес акча сарпталган.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx