
Baleket.kg — Чилиде жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоодо 35 жаштагы саясатчы Габриэл Борич жеңип чыкты. Ал жалпы добуштардын 56%ын алган.
Анын атаандашы, «ашкере-консерватор» атыккан Хосе Антонио Каст добуштардын 46%ына ээ болгон. Ал шайлоонун акыркы жыйынтыктары жарыяланганга чейин эле жеңилгенин моюнуна алган.
19-декабрдын кечинде башкалаа Сантьягодо миңдеген жарандар көчөгө агылып, Боричтин жеңишин майрамдап жатышты.
Атаандаштык курч болгон президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгы менен Габриэл Борич Чилинин тарыхындагы эң жаш президент болуп калмакчы.
Кезинде студенттердин акцияларын жетектеп жүргөн Борич Чилиде демократияга басым жасай турганын, өлкөнүн неолибералдык экономикалык моделине чектөөлөрдү киргизерин айтты.
Соңку жылдары Чилиде социалдык теңсиздик жана коррупциядан улам ири нааразылык акциялары өткөн болчу.
Булак: Baleket.kg