Бакен Кыдыкеева өлүкканада 15 күн жатканда эч ким издеген эмес - Baleket.kg
Тарых барактарында

Бакен Кыдыкеева өлүкканада 15 күн жатканда эч ким издеген эмес

Baleket.kg —  Убагында «Борбор Азия кыздарынын бермети» деген атакка татыктуу болгон, айтылуу кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкеева кыргыз театры үчүн кайталангыс, уникалдуу көрүнүш калтырып кеткен.

Тагдырдын кандай гана соккулары болбосун, кабагым-кашым дебестен, «солк» этпей көтөрө билген, эрки күчтүү аялзаты болгон.

Өз мезгилинде анын трагедиялуу өлүмүн иликтеген эч ким болгон эмес. 24 жыл мурда 30-декабрда улуу актрисабызды көчөдөн машине коюп кетип, жанында эч кандай өзүнө тиешелүү документти жок болгондуктан, ким экендиги таанылбай, өлүкканада 15 күн жатып калган.

Ошончо күн боюу аны эч ким издеген эмес. Акыры белгисиз адам катары көмүлө турган болгондо гана аны бир медсестра таанып калып, бул окуя коомчулукка белгилүү болгон.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx