Байден: Путин Батышты бөлүп-жаруу боюнча максатына жетүүдө утулуп калды - Baleket.kg
Дүйнөгө дүрбү

Байден: Путин Батышты бөлүп-жаруу боюнча максатына жетүүдө утулуп калды

Baleket.kg — АКШ президенти Жо Байден НАТО боюнча Вашингтондун союздаштарын колдоо үчүн Европага АКШнын кошумча күчтөрүн жайгаштыруу боюнча буйрук чыгарганын билдирди.

«Кечээ айтканымдай, АКШ НАТОнун аймагын коргойт. Европада потенциалыбызды жогорулатуу максатында кошумча күчтөрдү жайгаштыруу боюнча буйрук чыгардым. Бул НАТО боюнча союздаштарды колдоого багытталган документ», — деди Байден.

Ал Россия президенти Владимир Путинди «Эл аралык тынчтык жана коопсуздукка коркунуч жаратып жатат» деп күнөөлөп, НАТО эркиндик жана демократия тарапта экенин көрсөтүп жатканын баса белгилеген.

«Президент Путин Батышты бөлүп-жаруу боюнча максатына жетүүдө утулуп калды. НАТО болуп көрбөгөндөй чечкиндүү жана биримдикте. Ал эми альянс биздин баалуулуктарды бөлүшкөн жана качандыр бир кезде ага кошулууну чечкен Европа мамлекеттерине эшигин ачып турат», — деген АКШ президенти.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Европада турган америкалык аскерлерди Чыгыш Европага көбүрөөк жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы айтылган.

25-февраль күнү НАТО Россияны тез арада Украинадагы атайын операцияны токтотууга чакырып, чукул жыйын өткөргөн.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx