Бүгүн EFC турнирине чыга турган Бусурманкул ооруканага түштү - Baleket.kg
Ысык жаңылык

Бүгүн EFC турнирине чыга турган Бусурманкул ооруканага түштү

Baleket.kg — Кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship (EFC) турнириндеги беттешинин алдында ден соолугу начарлап, ооруканага жатты. Бул тууралуу мушкердин машыктыруучусу Кенжебек Чекиров социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Машыктыруучунун айтымында, Бусурманкулдун ден соолугу салмак түшүрүүсүнө байланыштуу начарлап кеткен.

«Бусурманкул Абдибаит уулу атаандашынын алмашканына карабастан беттешке толук кандуу даярданган. Бирок салмакты түшүрүү убагында таңга маал ден соолугу оорлоп, тез жардам чакырууга мажбур болдук. Азыр ал ооруканада», — деп билдирди Чекиров.

Ал терс билдирүүлөрдөн алыс болуп, Бусурманкулду колдоого чакырып өткөн.

Эске сала кетсек, Бусурманкул Абдибаит уулу бүгүн, 18-февралда, Москвада Eagle Fighting Championship (EFC) уюмундагы жарым жеңил салмактагы (65 кг) чемпиондук наамын коргоо үчүн Расул Магомедов менен күч сынашмак. Ага дейре казакстандык спортчу Жасулан Акимжан менен беттешмек. Бирок ал жаракат алганына байланыштуу ордуна уюмдун мурдагы чемпиону Магомедов сунушталган.

Бусурманкул чемпиондук наамды былтыр Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн EFC турниринде алган. Бел курду аталган уюмду негиздегендердин бири, UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзү таккан болчу.

Булак: Baleket.kg

Кызыктын баары бул жакта.

Дал ушул жерди басып, актуалдуу жаңылыктарга туш бол!

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x