Аягы жаман болот! Эки дарыны абайлап ичиңиз! - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Аягы жаман болот! Эки дарыны абайлап ичиңиз!

Baleket.kg — Көпчүлүк адамдар стресстин симптомдору пайда болору менен корвалол же валерьянка ичишет. Анткен менен мындай дарыларды этияттык менен колдонуп, алдын ала медицина кызматкерлеринен кеңеш алуу шарт. Бул туурасында дарыгер-терапевт Надежда Капнинская РИА Новостиге сөз кылды.

Анын айтымында, корвалолду көп ичкен адам ага көнүп, көз карандылык синдромуна кептелип, өз алдынча баш тарта албай калат.

«Адам тиги же бул препаратка көнүп алса, аны ичпей калса эле тынчсызданып, калтырап, алсырап, башы айланып жана уйкусу бузулуп кыйналат», — деди Капнинская.

Ошондой эле адис валерьянка тундурмасын туура эмес ичип алгандар дүрбөлөңгө түшүп жана уйкусуздукка кабылышы мүмкүн экенин эскертти. Ал эми дозасынан ашыра ичкенде анын кесепетинен улам ич катышы да мүмкүн.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx