«Атып кетем!» Садыр Жапаровдун жактоочусу журналистти коркутту - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

«Атып кетем!» Садыр Жапаровдун жактоочусу журналистти коркутту

Baleket.kg — Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров буга чейин «Акчасы барлар, алтын алгыла» деп билдирүү тараткан.

Анын билдирүүсүн коомчулук ар кандай кабыл алууда. Өзгөчө карапайым эл «Чай-нанга араң акча таап жатсак, кантип алтын алабыз?», «Президенттин «акчасы барлар» деп бөлүп айтканы кандай?» деген өңүттөгү ойлорун жазышууда. Кээ бири какшык ирээтинде постторду жарыялоодо. Албетте, аны колдогондор да жок эмес.

Журналист, коомдук ишмер Айбек Нур Фейсбук тармагындагы «Актуалдуу жаңылыктар» тайпасына, «Эмне үчүн Кумтөрдүн алтынын четке сата албай, элге сунуштап жатышат?» — деп собол салып, пост катарында бөлүшкөн.

Андагы Садыр Жапаровдун колдоочулары ушул пикир үчүн гана боктоп, ар кыл сөздөрдү жазышууда.

Алардын бири, Шекербек Эрматов аттуу Жапаровдун колдоочусу «Ушуга окшогон эл бузарлардын дарегин бергилечи, мээсин чачырата атып кетейин… тажатты уже!» — деп жазган.

Андан соң, журналист менен Эрматов аттуу фейсбук колдонуучунун кайым айтышуусу башталган.

Журналист президенттин жактоочусуна «Шекербек Эрматов, өзүм эле айтайынбы?» (Ред.: дарегин) деп собол салган.

Шекербек Эрматов: — Таш***нан (Ред.: уят сөз) асып койом, ойлонуп жаз посту!

Айбек Нур: — Асып койчу көрөйүн.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Шекербек Эрматов: — Кеч болуп калат, этият бол!

Айбек Нур: — Оозуңа карап сүйлө!

Шекербек Эрматов: — Колго түшсөң оңдурбайт элем.

Айбек Нур: — Оңдурбагыдай сен кимсиң?

Шекербек Эрматовдун жеке баракчасына баш багып көрсөк, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди мактап-жактаган бир топ постторду көрдүк. Убагында шайлоодо да президент үчүн Москвага чейин барып, иштеп берген. Бирок андан башка өздүк маалыматтарын таба албадык.

Анткен менен интернет колдонуучулар анын Жалал-Абаддык экенин жазышууда. Кээ биринин айтымына караганда, базарда соода кылып жүрүп, президентти мактап жатып, кайсы бир кызматты ээлеген.

Ким болсо да президенттин аброюна шек келтирбей, тескерисинче адептүүлүгүн көрсөтүп, колдосо эмне?!!

«Президент мен тарапта» деп эле, оозуна келгенин оттой берсе болобу?

Сиздин адепсиз командаңыздан аман калабызбы Садыр Нуркожоевич 🙂? А болбосо, президенттик нөөмөтүңүз бүткөнчө, сабатсыз командаңыз сизди коргойм деп ар кимди коркутуп-үркүтүп, оозго алгыс ыплас сөздөрүн жазып жүрө беришеби? Качанкыга чейин уят болуп жүрө бересиз? Командаңызды адептүүлүккө чакырбасаңыз, аягы сизге эле барып тийип жатат.

Ким бирөө сиздин дарегиңизге жалган-ушак айыңдарды жазып, таратпаса деле, командаңыз боктоп кете беришет турбайбы. «Сын менен адам өсөт» дейт бабалар. Сынды туура кабыл ала билиңиз. Анан да ар бир адам өз оюн айтууга, пикирин билдирүүгө укуктуу экенин эске ала жүрүңүз.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x