Аткаминерди жемелеген Айдаровага Жантаева комментарий берди - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Аткаминерди жемелеген Айдаровага Жантаева комментарий берди

Baleket.kg — Фейсбук тармагынын активдүү колдонуучусу Аида Жантаева ЖКнын депутаты Айдарованын аткаминерди кекеткен мамилесине комментарий берди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында  депутат Айгүл Айдарова менен министрдин орун басарын Надира Жусупбекова кайым айтыша кетишкен.

«- Эмне деген депутаттарды шайлап алабыз кокуй?!! 7 сомдук тамагынан тышкары, айына ата- энелер балага деп 80 сомдон жыйнап берип жатабыз го. Бир класста 30-40 окуучу бар, жакшы эле тамак ичип жатышат. Мамлекеттин эле 7 сомун айтпай, ата-энелердин 70-80 сомун да айта жүргүлө. Оптима банкка темселеп барып, акча төлөп, кагаз түрүндө чек өткөрөбүз. Класс жетекчиге электронный түрдө төлөгөнгө да болбойт экен,» — деп жазган Жантаева.

Фейсбук колдонуучулар «Пиар үчүн ар нерсени билип-билбей, «жедиңби-жедиңби?» деп жемелей бербей, тактап алып анан собол салса болмок» деп катуу сынга алышууда. Ким билсин, жаңы депутат айымдын биз билбеген кызыктары али алдыда чыгаар. Бул жолкусу ага сабак болуп, кийинкисинде ойлонуп, тактап алып туруп жемелээр…

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x