Асыпбеков: Камчыбек Ташиев, интимдик видеом качан чыгат? - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Асыпбеков: Камчыбек Ташиев, интимдик видеом качан чыгат?

Baleket.kg — Temirov live ютуб каналынын журналисти Тыныстан Асыпбеков өзүнүн фейсбук баракчасынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге собол салды.

Журналист «Менин интимдик видеом качан чыгат Камчыбек Ташиев?» — деп анын баракчасын белгилеген.

Мындай собол салганынын себеби, Temirov live ютуб каналынын менеджери Айжан Алымсеитованын төшөк кумарына баткан видеосу таркап кеткенден улам болгон.

Айта кетсек, буга дейре журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болотбек Назаров наркотикалык зат колдонууга жана таратууга шектелип кармалып, коё берилген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча түшүндүрмө берген.

«Болот Темировдун кеңсесинде наркотикалык заттар таратылууда деп арыз жазылган. Анын жанындагылар кармалып, канында баңгизат бар экени аныкталды. Жакшы жери журналист Болот Темировдун канында эч кандай мыйзамсыз заттар табылган жок. Бул анын жазасын жеңилдетет,» — деген.

Көп өтпөй төкмө акындын наркотикалык зат колдонуп жаткан видеосу интернет айдыңына тараган.

Буга чейин Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот?», «Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген аталышта иликтөө жарыялаган.

Учурда жогоруда аталган иликтөөлөр коомчулукта катуу талкууга алынууда.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Ал эми төкмө акын Болотбек Назаров «Камчыке кара калкыңды», «Эки дос» аттуу ырларын чыгарган.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x