Аскар Акаев: Эми Кыргызстанга ээн-эркин келип кете алам - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Аскар Акаев: Эми Кыргызстанга ээн-эркин келип кете алам

Baleket.kg — «Мекенимде мындан ары мага карата эч кандай доо-арыз жок. Эми мен Кыргызстандын башка жарандарындай эле өлкөгө каалаган учурда кирип, чыга алам», — деп Аскар Акаев Россиянын MK RU басылмасындагы маегинде билдирген.

Кыргызстандын тунгуч президенти Москвага 20-декабрда кайтып келгенин жазып, мекенинде ага карата коюлган айыптардын баардыгы жоюлганы белгиленген. Аскар Акаев буга кантип жетишкенин да айтып берген.

«2021-жылы мекенимде эки ирет болдум. Биринчисинде жайында, экинчисинде декабрда бардым. Ал жактан укук коргоо органдары менен эртең мененден кечке чейин иштеп жаттым. Кыргызстанда мага карата ачылган иштин баары жабылды. Мындан ары мен Кыргызстандын башка жарандарындай эле өлкөгө ээн-эркин кирип чыга алам», — деген Акаев.

Өз маегинде Кыргызстандын туңгуч президенти Кумтөрдүн сот иштери, Садыр Жапаровдун телефондон байланышканы, учурдагы иши тууралуу да кеп салган.

Аткен менен УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

Айта кетсек, Аскар Акаев ушул жылдын август айында 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, «Кумтөр» долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x