Асанова: Атам эл катары фондго кайрылса, жардам көрсөтөбүз - Baleket.kg
КоомШоу-бизнес

Асанова: Атам эл катары фондго кайрылса, жардам көрсөтөбүз

Baleket.kg — Эске сала кетсек, буга чейин көз карандысыз эркин журналист Алтынай Арстанбекова Гүлнур Асанова баккан атасын таштап, карабай кеткенин айтып чыккан. Андан көп өтпөй анын курбусу Баяна Кулова Арстанбековага жооп кылып, төрөгөн кызынын атасы ким экенин сурап, жөн жүрүүсүн өзүнүн интернет баракчасы аркылуу эскерткен.

Журналист Баяна Кулованын жазган посттуна Гүлнур Асанова «— Аи-ии, өмүр таржымалы керемет аял турбайбы. Биринчи жолу көрүшүм. Биле жүрөюн. Жазган ар бир тамгасы үчүн Жараткандын алдында жооп берерин ойлонбогон неме го. Кечирбей койсом акыбалы кандай болот?» — деген пикирин комментарийге калтырган.

Ага улай, Айзада Дюйшебаева аттуу фейсбук колдонуучу Асановага комментарийден жооп жазган. Андагы Гүлнур Асанова менен Айзада Дюйшебаеванын пикир алышуусун өзгөртүүсүз беребиз:

Айзада Дюйшебаева: — Гүлнур, жакшыбы, жаманбы бир кездерде апаңдын жанында жөлөк болуп жүргөн атаң чын эле жардамга муктаж болуп жүрөт. Колуңдан келсе жардам берип кой.

Гүлнур Асанова: — Менин атам соп-сонун эле жашап жатат. Жардамга муктаж эмес.

Айзада Дюйшебаева: — Туура, өз атаң Акылбек ага жакшы жүрсүн, муктаж болбосун ылайым. Бирок бир кездерде бактылуу үй-бүлө болуп жүрүп, эми жокко чыгарба. Ата-баладай кинолорго тартылып, сонун эле жүргөнүңөрдү көрүп суктангандар толтура эле болсо керек.

Аздыр-көптүр чыгармачыл дүйнөгө келишиңе ал байкенин дагы салымы бар деп ойлойм.

«Апаңды өлтүргөнгө, атаңды бер» деген, балким катуу таарынычыңар болсо кечиришкиле, жардамыңды аяба.

Бул туурасында бир гана Алтынай эже эмес, көпчүлүк эл айтканына күбө болуп жатам.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Гүлнур Асанова: — Окуянын чоо жайын билбей туруп, (Ред.: Алтынай Арстанбекованы айтып жатат) мага карата туура эмес маалыматты таркатканга кантип дити барат? Мен деле темир эмесмин го. Сиз айтып жаткан кишинин үй-бүлөсү бар. Ошолордун колунда азыр. Алар жакшы эле турушат. Мен бул жерде эмнеге кыпчылып калып жатам түшүнбөй турам.

Ал үй-бүлөсүнө кайткычакты, эки үй-бүлө алмаштырган. Балким ортодогу башка үй-бүлөлөрү да жардамга келээр. Калыстык болуш керек го дейм. Сураныч, бул боюнча мага карата нааразычылыктар болбосо туура болот деп турам. Ырахмат! Акылдуусуз, түшүнүп алаарсыз.

Айзада Дюйшебаева: — Гүлнур, элге жардам колун сунуп жүрөсүң, ошондон улам сага айтылып калды бул ойлор. Сага нааразычылык катары эмес, жардамыңды көрсөт деген өңүттө айтылып жатса керек.

Гүлнур Асанова: — Эл катары биздин фондко кайрылса (Ред.: Атасын айтып), кезеги менен чыныгы муктаж болсо, жардам көрсөтөбүз.

Айта кетсек, бул чырдын чыгып келишинин себеби, Гүлнур Асанова ойлонбой сүйлөп, кыргыз баалуулуктарын, каада-салт, үрп-адаттарына шек келтирип алганында болгон. Анткен менен Асанова элден кечирим сурап, сүйлөгөн сөзү үчүн өкүнөөрүн билдирген жок. Балким Гүлнурдун да өзүнүн чындыгы бардыр.

Гүлнур Асанова Baleket.kg маалымат порталына маек берүүсүн кааласа, эл менен анын ортосуна көпүрө болуп берүүгө даярбыз.

Булак: Baleket.kg

Эскертүү: Baleket.kg маалымат порталынын макалаларын жарым жартылай же толук түрдө колдонууда шилтеме берилүүсү шарт. Баардык укуктар коргоого алынган.

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx