Арты таза эмес делген Кадыркулов кайрадан талашта - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Арты таза эмес делген Кадыркулов кайрадан талашта

Baleket.kg — Жогорку Кеңештин депутаттары тармактык комитет жактырбай койгон талапкерди президент кызматка дайындаганына нааразы болушту.

Белгилей кетсек, 24-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Украинадагы элчилигине Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин колдобой койгон. Бирок ага карабай, коррупция менен күрөшөбүз деген президент Садыр Жапаров мурун коррупцияга шектелген Кадыркуловду кызматка дайындап койгон.

«Бизде бир аз кызык иштер болуп жатат. Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги биздин комитетте колдоо тапкан жок, бирок аны бекитип коюшту. Бул туура эмес болуп калды. Анда Тышкы иштер министрлиги бизге алып келбей эле өзүнчө ишин кыла бербейби. Урматтуу төрага, ушул боюнча жакшыраак сүйлөшсөк», — деди депутат Айбек Осмонов.

Буга президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов жооп берип, мамлекет башчы Конституциянын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык парламенттин макулдугусуз дайындоого укуктуу экенин айтты.

Андан соң, депутат Нурлан Шакиев муну алдын ала билгенден кийин элчиликке талапкерлерди комитеттин кароосуна алып келбеши керектигин белгиледи.

«Ушундай иш-аракеттериңер менен парламент менен президентти ыңгайсыз абалга кептеп жатасыңар. Анда мындан кийин бир дагы элчини алып келбегиле. Коомчулукта президент парламентти укпайт экен деген талкуулар болуп жатат. Тышкы иштер министрлигинин дагы жоопкерчилиги каралышы керек», — деди Шакиев.

Президенттин өкүлү бул маселе боюнча териштирүү жүрүп жатканын, экинчи мындай кайталанбай турганын убадалады.

Ал ортодо Балбак Түлөбаев оппозиция менен бийликти, парламент менен президентти чабыштырууга кызыкдар адамдар бар экенин айтты. Элчилик боюнча парламенттин тармактык комитетинин аброюна шек келтирди деген пикирин билдирди.

Ал эми Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Жанар Акаев комитеттин жүзү жарык экенин, коомчулуктун алдында өзүнүн принцибин көргөзгөнүн айтып өттү.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

«Мурдагы Конституцияда президент элчилерди дайындоодо парламент менен макулдашат деген норма бар эле. Жаңы Баш мыйзамда «президент өзү гана дайындоого укуктуу, парламентке консультацияга гана алып келет» деп коюптур. Албетте, комитеттен өтпөй калган талапкерди президент дайындабай койсо болмок. Бирок жаңы Баш мыйзамда президенттин укуктары кескин күчөгөн. Эми мыйзамдын алкагында кеңешип ушул маселени чечишибиз керек», — деди Акаев.

Эл өкүлү Адахан Мадумаров дагы парламент менен президентти кагыштырган алешемдикке жол берген кызматкерлерге чара колдонууну сунуштады.

Айта кетсек, Идрис Кадыркулов 2019-жылдын май айында биометрикалык паспорттор боюнча жаңжалга байланыштуу УКМКнын жетекчиси кызматынан кеткен.

Кадыркулов Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова менен бейрасмий жолугуп, паспортторду жогорку коопсуздук менен даярдоо үчүн өз компаниясын сунуштаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул келишимди «коррупциялык» деп эсептеп, кылмыш ишин козгогон болчу.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x