
Baleket.kg — Интернет айдыңында ТикТок тармагында тартылган адепсиз видеолор катуу тарап, коомчулуктун нааразылыгын туудурууда.
Бул ирет кайсы бир ТикТоккер жигиттин «Мен сенин апаң менен жаткан жокмун. Ал 70 жашта, жада калса ага меники турбайт» деген видеосу талкууда калды.
Коомдук ишмер Бактыгүл Кудайбергенова Кыргызстанда ТикТок тармагы жабылышы керек деп эсептейт. Анын айтымында, жаштардын тарбиясы ого бетер бузулуп, ыйманы өтө сууп кетти.
Буга чейин бир катар журналисттер, коомдук активисттер ТикТок тармагын жабуу маселесин бир нече ирет көтөрүшкөн. Анткен менен кыргыз бийлиги үн катпай келет.
Булак: Baleket.kg
Видео 👇