Анжеликага бак кыюуга уруксат бергендер кызматынан кулашы күтүлүүдө - Baleket.kg
КоомСаясатШоу-бизнесЫсык жаңылык

Анжеликага бак кыюуга уруксат бергендер кызматынан кулашы күтүлүүдө

Baleket.kg — Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев Түп районундагы бактын кыйылышынын мыйзамдуулугун иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.

Эске сала кетсек, ырчы Анжелика бир жыл мурун кырсыкка учураган даракты кыйган. Ал көп жылдык өсүмдүктү кыюуга тиешелүү кызматтардан уруксат алганын белгиледи.

Мамлекет башчысынын ыйгарым укуктуу өкүлү экологиялык милиция жана башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте комиссия түзүүнү суранды.

«Окуя болгон жерге баргыла, эгерде бул иште бак кыюунун мыйзамдуулугу аныкталса, анда (жазуу же оозеки уруксат берген делген) жооптуу адамдар ээлеген кызматынан бошотууга чейин мыйзам чегинде жазаланышы керек», — деди Мирбек Кожоев.

Болуп өткөн окуядан соң, ырчыга коомчулукта нааразылыктар жаралууда. «Жол эрежесин сактабаган Анжелика күнөөлүүбү же жол жээгинде өсүп жаткан бак күнөөлүүбү?», «Анжелика машина айдап келе жатса эле, алдынан бак чуркап чыга калыптыр» деген өңдүү бир топ билдирүүлөрдү калтырышууда.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x