Алысты көрбөй калуу эпидемиясы башталаарын билдиришти - Baleket.kg
Дүйнөгө дүрбүКоомЫсык жаңылык

Алысты көрбөй калуу эпидемиясы башталаарын билдиришти

Baleket.kg — Жакынкы жылдарда дүйнөдө миопия эпидемиясы башталышы мүмкүн экендигин Лондон университеттик колледжинин адистеринин иликтөөсүнө таянып РИА Новости жазды.

Мындай бүтүмгө келүү үчүн UK Biobank Eye жана Vision Consortium окумуштуулар тобунун адистери 100 миңден ашык британиялыктын офтальмологиялык маалыматтарын текшерип көрүшкөн.

Авторлордун пикиринде 1960-жылдан кийин туулган адамдардын арасында көзү жакшы көрбөй калгандар андан мурда туулгандарга караганда дээрлик көбүрөөк болуп чыккан.

Окумуштуулар муну бир нече фактор менен байланыштырды. Буга бала кезден туура эмес тамактануу, тукум куучулук, жашоо образы кирет. Бирок басымдуу бөлүгү иште жана андан тышкары деле экрандан көзүн албагандыгы үчүн көрүүсү бузулган деген бүтүм чыкты.

«Соңку он жылдыкта алысты жакшы көрбөй калуу 1939-1944-жылы туулгандар арасында 20 %га гана өскөн. Ал эми 1965-1970-жылдары туулгандар арасында бул көрсөткүч 30 %га чукулдады», — деп айтылат маалыматта.

Адистер бул оору ушундай тездик менен өсүп кете берсе жакында эпидемияга айланышы мүмкүн экенин айтышууда.

Миопия – учурда эң кеңири тараган көз оорусу. Мында адам алысты жакшы көрө албай калат.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx