Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митингге чыкты - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митингге чыкты

Baleket.kg — Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди колдогондор ал кармалып турган №47 колониянын алдына нааразычылык акциясына чыгышты.

Митингге катышкандардын айтымында, алар кечээ Атамбаевдин өз эркине каршы, футболкачан Биринчи май райондук сотуна алып келинишине нааразы болуп, бул нерсени мурдагы президент жана жашы өтүп калган адамга карата шакаба деп баалашты.

Митингге чыккандардын арасынан Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүн дагы көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, 23-март күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи май райондук сотуна алып келинип, бирок ал автоунаадан чыгуудан баш тарткан.

Мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев №47 абактагы камерадан аны футболкачан жана ич кийимчен күчтөп алып чыгышканын айткан.

Ошондой эле, ал Атамбаевдин ден соолугунун начар экендиги эксперт-медиктердин чыгарган бүтүмүндө жазылганын кошумчалаган.

Айта кетсек, 15-мартта Жогорку Сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 11 жылга эркинен ажыраткан буга чейинки сот өкүмүн күчүндө калтырган чечим чыгарган.

Биринчи май райондук соту 2020-жылдын июнь айында А.Атамбаевди аталган иш боюнча 11 жыл эки айга кескен. Бишкек шаардык соту бир айдан кийин райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx