Актан Маматов: Эротикалык клип тартып, «хайп» жаратайын дегем… - Baleket.kg
ИнтервьюШоу-бизнесЫсык жаңылык

Актан Маматов: Эротикалык клип тартып, «хайп» жаратайын дегем…

Baleket.kg — Кыргыз эстрадасында жаңыдан «жылт» эте аты чыгып келе жаткан жаш ырчы жигит Актан Маматов буга чейин алгачкы «Унута албайм» аттуу чыгармасына эротикалык клип тартып, талкуу жараткан. Аты аталган ырчы жигит менен азын оолак кеп курдук.

— Салам, Актан! Жаңы-жылды кандай тостуңуз?

— Салам! Жакындардын курчоосунда абдан жакшы тостум. Кирип келген жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

— Бирге болсун! Келиңиз, маегибизди баштайлы… Айткандай эле, эмне үчүн эротикалык клип тарттыңыз?

— Негизи мындай жанрдагы клипти көптөн бери ойлонуп жүргөм. Башка ырчылардан өзгөчөлөнүп, эротикалык клип тартып, «хайп» жаратайын дегем. Аны менен катар шоу-бизнеске жаңылык киргизгим келген.

Клиптин идеясы Эркинай деген эжекем экөөбүзгө таандык.

Актан Маматов

— Бул клип жаштарга терс таасирин тийгизбейби?

— Жо-ок… Негизинен бул клипти «өтө уят» деп айта албайм! Себеби, клипте анчалык ачык кадрлар жок. Анын үстүнө Ютуб каналдан жашы жеткендер (+18) гана көрө алат.

— Клипти коомчулук кандай кабыл алып жатат?

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

— Ар ким өзүнүн деңгээлине, ой жүгүртүүсүнө жараша кабыл алууда. Кээ бири «Азамат! Ийгилик! Өзгөчө, мыкты бир клип тартыпсың» десе, дагы бири «Уят! Кыргыздарга жарашпайт, намыс барбы?» деп жазышууда. Анткен менен ийгилик каалагандар көп.

— Мындан кийин да ушул сыяктуу клиптерди тартуу планда барбы?

— Эгер сунуштар болуп, жакшы бир идея ырыбызга туура келип калса, эмне үчүн болбосун?!! Бул деген шоу! Мен үчүн — карьера десем да жаңылышпайм. Күйөрмандар үчүн ар дайым жакшы жаңылык киргизгенге даярмын!

— Ыр жана клиптеги окуялар башыңыздан өткөнбү?

— Клипдеги окуялар ойдон чыгарылган, жашоомдо болгон эмес. Ал эми ырдын мазмуну башымдан өткөн!

— Баш-аягы канча каражат сарптадыңыз?

— Каражат жагы сыр бойдон калуусун каалайт элем.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx