
Baleket.kg — Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин жаба турганын айткан 17 медициналык багыттагы окуу жайдын 12синин лицензиясы жокко чыгып жатканын билдирди.
Парламенттин жыйынында депутат Нурлан Шакиев чынында эле медициналык университеттер акча жасоочу жай гана болуп калганын сөз кылды. Мындан улам: «17 окуу жайдын баарын жабууну аягына чыгасызбы же бай көпөстөр сизге пара берсе токтотуп коёсузбу, тандалма болуп калбайбы?» — деп собол салды.
«Бүгүнкү күндө биз 12 медициналык окуу жайдын лицензиясын кайтарып алып жатабыз. Калган бешөөндө текшерүү жүрүп жатат, 1-апрелге чейин көрөбүз. Бир айдын ичинде 17нин канчасы калат, сиздерге маалымат беребиз», — деп жооп узатты Бейшеналиев.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жабыла турган 17 жеке менчик медициналык окуу жайдын (медициналык бөлүм же факультеттер) тизмесин жарыялаган.
Булак: Baleket.kg