Акаевдин аялы мурун эч нерсе болбогондой эркин келип, Таласта жүрөт - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Акаевдин аялы мурун эч нерсе болбогондой эркин келип, Таласта жүрөт

Baleket.kg — Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Бишкекке келди. Бул тууралуу Акаевдин үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбеков айтканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Анын айтымында, Майрам Акаева жана уулу Илим кечээ түнү Таласта каза болгон энесин акыркы сапарга узатууга келди.

Мурдагы биринчи айым Бишкекке бүгүн саат 15:00дөр чамасында конуп, дароо Таласка жол тарткан.

Аскар Акаев болсо келген эмес. Ал былтыр август жана декабрь айларында эки жолу Кыргызстанга келип, Кумтөр иши боюнча сурак берип кеткен. Ал эми жубайы 2005-жылкы марттагы революциядан бери келе элек болчу.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx