Акаевди Садыр Жапаров кечиргени менен эл кечирбеди - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Акаевди Садыр Жапаров кечиргени менен эл кечирбеди

Baleket.kg — Эске сала кетсек, Аскар Акаев ушул жылдын август айында 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, кыргызстандыктардан кечирим сураган.

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» агенттигине курган маегинде Акаевдин акталышы боюнча пикирин билдирген.

Анда журналист президентке «Кумтөр» маселеси кандай чечилип жатканы боюнча суроо узаткан.

«Кумтөр» боюнча юридикалык документтерге кол коюу процесстери жүрүп жатат. Буюрса, жазга чейин бүтөбүз. «Кумтөр» бизге өткөнү анык. Мында Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөгө берген сурагынын пайдасы болду. Кыскасы, Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот. Андан сырткары, тергөө менен кызматташкан мурдагы өкмөт башчылары жана депутаттардын да көрсөтмөлөрү таасир этти. Кийин ийне-жибине чейин айтып берем. Азыр болбойт. Баары бүтсүн, бүткөндөн кийин кенен сөз кылабыз, чыдап тургула», — деген Жапаров.

Ушундан кийин коомчулукта кайчы пикирлер жаралып, бир топ интернет колдонуучулар «Садыр Жапаров Аскар Акаевди кечирсе да, эл эч качан кечирбейт, элдин атынан кечирбесин» деген өңдүү бир топ пикирлер бүгүнкү күнгө чейин жазылып келет. «Баары бүтсүн, бүткөндөн кийин кенен сөз кылабыз» деген өлкө башчы дагы кандай пикирин билдирет болду экен?

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx