Айтбекова Отунбаеванын өткөн күнүн эстетти… - Baleket.kg
КоомСаясатШоу-бизнесЫсык жаңылык

Айтбекова Отунбаеванын өткөн күнүн эстетти…

Baleket.kg — Ар дайым талкуудан түшпөй көңүл чордонунда жүргөн алып баруучу, актриса Назира Айтбекова буга чейин ачык сүрөттөрүн жарыялап, чуу жараткан. Анын сүрөттөрүн басымдуу интернет колдонуучулардан тарта белгилүү адамдарга чейин бөлүшүшүп, өз пикирлерин жазышкан болчу. Кээ бири колдоп, анын эрктүүлүгүн жана тайманбастыгын мактаса, кээ бири алып баруучунун дарегине оозго алгыс сөздөрдү жазганга чейин барышкан.

Интернет колдонуучулардын оозунан “Айтбекова” түшпөй, тиешеси жок ар кыл темага да анын атын тамашага сала кошуп жазышууда. Демек, Н.Айтбекова коомчулуктун назарын толук буруп, көңүлүнө бүдөмүк салып, “бир чети туура” деген ой жаратууга жетишкен экен.

Көп өтпөй, Назираны улай блогер Ажара да жарым жылаңач сүрөтүн жарыялап, “Мен диний адамдарды сыйлайм, бирок чала молдо, эки жүздүү болбой эле койгулачы. «Жаштарга кандай үлгү болуп жатасың?» дегендерге, жаштарга “Өзүңөр каалагандай жашагыла, тандоо силердин колуңарда” деп айтам”, — деген пикирин калтырган.

Блогер Ажара

Мындан улам  2019-жылы ноябрь айында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмө көпчүлүктүн эсине түштү.

Анда 27-ноябрда аялдардын укугун жактаган 17 күндүк «Феминнале» иш-чарасы башталган.

Иш-чарада денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түшүп, «нарк-насилге доо кетирди» деп сындагандар көбөйгөн. Андан тышкары, ич кийим элесиндеги экспонатка нааразылык айтылган.

2-декабрда көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматкерлердин коопсуздугунан улам деп, иштен кетүүгө арыз жазган. Ага ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койгон болчу.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Көргөзмөдөн улам чыккан чыр боюнча экс-президент  Роза Отунбаева «шаардын жарымы айылдыктар, бирок биз силердин деңгээлиңерге түшө албайбыз» деп ойлонбой сүйлөп, элдин нааразычылыгын ого бетер ырбатып алган. Ал мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаевдин китебинин ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатканда билдирген.

Талкууда калган Отунбаева ошол жылдын 4-декабрында BBC радиосунун кыргыз кызматына берген маегинде жогорудагы айткандары боюнча түшүндүрмө берген. Анда:

«Мен абдан орчундуу урбанизация маселесин көтөрдүм. Бул бүт дүйнөдөгү маанилүү маселелердин бири. Кыргыз өлкөсүндө калктын 65 пайыздан ашууну айылда жашайт. Мен азыркы заманда бизге өзгөрүү керек, динамика керек деп айттым. Мен эч кандай эмоцияга алдырган жокмун. Көп нерсени окугам, билем дагы. Мен илимдин кандидатымын. Бул жерде түшүнбөстүк орун алды. Мени айылдыктарды басмырлап, сезимине тийди деген сөзгө каршымын. Мен дайыма айылдыктарды жактап, алардын таламын талашып эле келе жатам», — деген.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x