Айтбекова: Москвадагы кыздар “Бузулганга убактыбыз жок” дешти - Baleket.kg
КоомШоу-бизнесЫсык жаңылык

Айтбекова: Москвадагы кыздар “Бузулганга убактыбыз жок” дешти

Baleket.kgТеле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова Москвага иш сапары менен барган. Бул ирет ал Москва шаарында өткөн көз ирмемдери менен бөлүштү:

— Москвада:

1. Адамдар жазгы кийим менен эле жүрө беришет экен. Очойгон батинке, килейген күрмө менен келсем, бир футболканын үстүнө жеңил күрмө, жеңил бут кийим кийип алып жүрүшөт. Ичики-ииий…

2. Ийгиликтүү болгусу келгендер пунктуалдуулукту, жоопкерчиликти үйрөнүп, өзүнө өзү ишенишиптир.

“Ооруп калдым, баланчам ооруп калды” шылтоосу менен эле жүрө бергендер же үйгө жөнөшөт экен, же жумуш алмаштырып турушат экен.

3. “Москвачылык “ деген термин бар экен. Кыйшайгандын, туура эмес баскандын баарын эле “москвачылыкка” шылтап коюшат экен.

4. “Кыздардын баары бузулат “ деген болбогон кеп экен. “Бузулганга убактыбыз болбой жатат” дешти. Эртең менен үрүл таңда туруп, түн бир оокумда иштен чарчап келип, тоголонушат.

“Эки жакка басканга убакыт жок “ дейт. Москвадагы кыздар “Бизди бузулду дейсиңер, биз сопсонун эле жүрөбүз . Кыргызстанда кыздар бекерчиликтен клубдан-клубда эле жүрүшөт го!” дешти. Андыктан, бузулгусу келгендер бекитип койсоң деле бузула берет экен.

5. Москвадагы эң жакшы көргөн нерсе шам-шаркыт тойго бара беришпегени экен. Кыргызстанда тапкан-ташыганыбыз эл эмне дейтти жабабыз деп жатып, акыркы ыштаныбызга чейин той-топур, катышка барат экенбиз дейт. Бул жакта бейчеки акча коротпой, улам бир тойго көйнөк издебей, чогултуп, үнөмдөп, үй, унаа алышып, чет жакка эс алып турушат.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

6. «Кыргызстанда өзүмдү чоочун сезем. Ал жакка барганда батпай, жүдөп кетем” дешип, өз үйүн Москва көргөндөр бар экен!

“Кыргызстандык эмес, же Москвага сиңип кетпей, эки ортодо калдык!” дегени да бар. “Иши кылса , акча таап кетсем экен. Орустарды желкемдин чуңкуру көрсүн!” дегени да жок эмес.

7. Бул жакта билимдүү, өзүнө ишенген, ишенимдүү жүргөндөр орустарды кол алдында иштетишип, өз ордун билип, башкаларды баш көтөртпөгөн кыргыздарды көрүп, “Ай, азамат!” деп койдум ичимден!

8. Окуусун улантып, университеттерге тапшырып, илимин жактагандары да бар.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x