Айсулуунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков тууралуу кино тартылды - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Айсулуунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков тууралуу кино тартылды

Baleket.kg — КТРКнын алдындагы «Кыргызтелефильм» студиясы Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков тууралуу даректүү тасма тартты.

Анда Кыргыз эл артисти Тынай Ибрагимов тасманын сценарийин жазып, режиссёрлук кылган.

Аннотациясында көрүүчүлөр уникалдуу адам жөнүндө көптөгөн кызыктарды биле алары жазылган. Ал спортчу жана көрүнүктүү машыктыруучу катары бир нече жолу ар кандай деңгээлдеги жеңиштерге жеткен, өз жашоосунун жеңүүчүсү катары көрсөтүлөт.

«Күрөш залы Нурбек Изабековдун көңүл ачуучу жайы, жумушу жана жашоосу болуп калды. Бүгүнкү эл аралык масштабдагы жылдыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы — машыктыруучунун тер төккөн эмгегинин, оор, ошол эле учурда бактылуу жолунун жемиши. Албетте, мында командасынын ар бир мүчөсүнүн салымы бар», — деп «Кыргызтелефильмден» билдиришти.

Даректүү тасма жакынкы күндөрү КТРКнын эфиринен көрсөтүлмөкчү.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x