Айбек Нур: Мадумаровдун айынан Баткенде атышуу токтобой жатат - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Айбек Нур: Мадумаровдун айынан Баткенде атышуу токтобой жатат

Кызыктын баары телеграммда:

https://t.me/baleketkg

Baleket.kg — ЖКнын депутаты Адахан Мадумаровдун айынан Баткенде атышуу болуп жатат. Мындай пикирин журналист Айбек Нур билдирди.

«Мадумаровдун айынан буга чейин канча киши өлүп, канча айыл өрттөндү?

Азыр да чек арада атышуу токтобой жатат!

«Адяхан, Адяхан» деп жетеленгендер, аныңарды сабатсыз десем арданасыңар!

Далил кана десеңер, ошол сабатсыз саясатчы, Кыргызстандын жерин Кыргызстанга арендага берүүгө кол коюп бергенин УКМК далилдеп, бетке чаап берди. Жыйынтыгы мына!» — деп жазган журналист.

Айта кетсек, бүгүн тажик тарап кайрадан кол салды. Саат 21:00гө карата алынган маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турат жана эки өлкөнүн аскерлери тынымсыз атышууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү менен саат 19:30да тажик тарап жаап алган Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунун бир бөлүгү кайра ачылган.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Бирок, анткен менен 19:35те абал кайра курчуп, Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында ок атычуу куралдарын колдонгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүктөрүнүн аскерлеринин атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында болууда. Тажик тарап миномёт жана гранатомёт колдонуп жатканы айтылды.

УКМКнын Чек ара кызматы саат 17:30дан 18:00гө чейинки убакыт аралыгында Тажикстандын чек арачылары Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунун бир бөлүгүн бир тараптуу жаап салганын билдирген. Жерине УКМКнын Баткен облусу боюнча чек ара башкармалыгынын жетекчиси, полковник Кыялбек Төлөнбаев менен Баткен чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров жөнөп кеткен.

Аталган аймактагы чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx