Айбек Нур: Мугалимдерди сөгө бергиле - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Айбек Нур: Мугалимдерди сөгө бергиле

Baleket.kg — Журналист Айбек Нурдун кезектеги билдирүүсүн сунуштайбыз.

Айбек Нурдун Фейсбук профили: https://www.facebook.com/aibek.nur.37

— КЫРГЫЗСТАНДА ЭМНЕ КЫЛСА БОЛОТ🤔?

1. Тарбиялап, таалим берген мугалимиңди ашата сөксөң болот!

Сөгүп туруп, болушчаак ата-энеңе даттанып, жумуштан айдатып, ишсиз калтырсаң болот! Мугалимдерди сөгө бергиле! Ошондо адептүү болосуңар…

2. Наркотикалык зат колдонуп, кармалып калсаң караманча тансаң болот!

3. Жеди-ичти, зыян келтирди деп камалган атка минерлерди «Элдин кызы, элдин уулу» деп коргосоң болот!Камалбаса «Камалсын, эл душманы» деп да бийликке талап койсоң болот.

4. Журналист аттуунун баарын жек көрсөң болот!

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Журналисттер бар үчүн өлкөгө, элге зыян алып келгендердин жүзүн таанып, кылыгын билип жатканыңды танып, кайра күнөөнү алардын мойнуна койсоң болот. Аягында сен ойлогондой жеп-ичкен эл душмандары эмес, журналисттер күнөөлүү деп табылат!

5. Аткезчилик менен каалаганыңды ташысаң болот!

6. Таанышың же акчаң барбы? Анда каалаган ишиңди бүтүрсөң болот!

7. Бирөөнүн жеке жашоосуна аралашып, кордосоң болот. Жадагалса төшөгүнө чейин кирип, тасмага түшүрүп, элге жарыяласаң да уруксат.

8. Аялыңды кордоп, тепкиге алып, мойнуна эки дөңгөлөк илип, үстүнө муздак суу төксөң болот!

9. Каалаган кызыңды ала качып кетсең болот! Такыр баш ийбесе, өлтүрүп кой.

10. «Любой момент» митингге чыксаң болот.

11. Башканы кой, президентке теңтуш болуп, «Аша, Соке, Саке» деп кайрылып, каалаганың сүйлөсөң болот.

«Оозум бар» деп ар нерсени сүйлөй берсең жарашат.

12. Бей өкмөт уюмдарга иштеп, акчасын алып, өзүңдүн элиңди, жериңди жаман көргөзсөң болот.

Кадырдан да акчаны бийик кой. За то, байыйсың!

13. Бир байкуштун баласын ак жеринен күнөөлөп, жасабаган кылмышты мойнуна илип, эркин чектеп койсоң болот.

14. Соттор менен сойкулардай соодалашсаң болот.

Каалаган ишиңди жеринен бүтүрүп берет! Сотторго «Крокодил Нарын дарыясында бар десең, бар» дейт!

15. Түшүнүп-түшүнбөй, билип-билбей эле «жамансың, акмаксың, маңкасың» деп бирөөнүн аброюна шек келтирип, ашмалтайын чыгарып, комментарий жазып, пост чыгара берсең болот.

Анын жеке жашоосу, кадыр-баркы менен уруп ойнобо!

Эх кыргызым, адам бололучу! Оңололучу🥺! Минтип олтурсак, бирибиздин түбүбүзгө бирибиз жетебиз… жок болобуз…

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx